19 сентябрь 2024
Кароолор: 31
КЕЛЕЧЕКТҮҮ ПРОГАРММА

Кыргызстанда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы бекитилди. Министрлер кабинетинин жыйынында "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агро өнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынды.
Программанын максаты – соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жолу менен ата-мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук дараметин тышкы рыноктордо жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле аймактык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жолу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө продукцияларды сатууда жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.