23 январь 2025

Кароолор: 49

КЕҢЕШМЕДЕ ОЙЛОР КЕҢИРИ АЙТЫЛДЫ, ТАЛКУУЛАНДЫ

Аксы районунун мамлекеттик администра циясынын жыйындар залында 2025-жылдын 21- январында Кыргыз Республиксынын Министр лер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б. Төрөбаев тарабынан коюлган  Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн 5 артыкчылыктуу багыттары жана мамлекет тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилип жаткан каражаттар жана долбоорлор боюнча атайын жыйын өткөрүлдү. Жыйынга айыл окмот башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, дыйкан-фермерлер, ишкерлер, банк өкүлдөрү катышышты.

        Кеңешменин күн тартибиндеги “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин торагасынын орун басары Б. Төрөбаев тарабынан коюлган  Агроонор жай комплексин өнүктүрүүнүн  5 артыкчылыктуу багыттары жана мамлекет тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилип жаткан каражаттар жана долбоорлор” боюнча Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Саматов кеңири баяндама жасады. Баяндамада айыл чарбасындагы кирешелүү болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө маани берилди.