02 январь 2025
Кароолор: 17
КЕРБЕН ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Майрамдык иш-чарага Кербен шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчиле ри, шаар тургундары жана коноктор катышты. Кербен шаарынын мэри Эрнист Эгенбердиевич жана Аксы райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбекович шаар тургундарын жана конокторун кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттуктап, узап бара жаткан жыл ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2025-жылы шаарда ири долбоорлор ишке ашырыла тургандыгын белгиледи. Андан соң Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда жаңы жылдык чоң программадагы майрамдык ШОУ концерти өттү. Концертке КР эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков, КР маданиятынын мыкты кызматкерлери, кош жылдыздар Байыш Момунов, Динара Сариева, Нуриза Абазова, Шергазы Оролов жана башка эстрада жылдыздары катышып, элди куттуктап, майрамдык маанай тартуулашты. ошондой эле Аксынын таланттары коштойт.