31 июль 2024
Кароолор: 17
КЕРБЕН ШААРЫНЫН БОРБОРУНДА ДЫЙКАН БАЗАРЫ АЧЫЛДЫ

Кечээ Кербен шаарынын борборуна ,такыраак айтканда Ленин көчөсүндөгү “Элим” соода борборунун жанында жаңы дыйкан базары ачылды. Шаардын мэри тийиштүү мекемелер менен шаар аймагын кыдырып, борбордук көчөдөгү жол боюнда соода кылып жаткан дыйкандарга атайын убактылуу дыйкан базар ачылганын билдирди. Баардык соода менен алектенип жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жайлар бош турганын ошол жерге кирип мыйзамдуу иш алып баруу жагын эскертти. Бул кадам дыйкандардын түшүмдөрүн учурунда сатып алуу ,ошондой эле шаар аймагындагы унаа тыгындарынын алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Коомчулукту шаардын тазалыгы үчүн мэрия тарабынан жасалып жаткан иш чараларды колдоого чакырды. Буйруса, баары иретке келип жатат.