12 сентябрь 2024

Кароолор: 9

КӨЙГӨЙ ЧЕЧИЛИП-ЭЛ ЫРААЗЫ БОЛДУ

  Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылынын эли жылдар бою ичүүчү таза сууга муктаж болуп келген, жыл башында бул маселе мэрияга, шаардык кеңешке чоң маселе катары коюлуп, иш планга киргизилген болуучу. Жакында Күлүк-Дөбө   айылына таза суу чыгарылды

       Күлүк-Дөбө айылынын тургундары тарабынан таза суу  маселеси көтөрүлгөн менен буга чейин чечилбей келген. Шаар мэри  бул маселени колго алып, 2024-жылдык иш планга киргизип мына эми таза суу айылга келди.   

 Күлүк-Дөбө элинин атынан ыраазычылык айтып, Кербен шаарынын мэриясынын жана "Кербен Суу канал" муниципалдык ишканасынын ишине ийгилик каалап, аксакалдар ак батасын беришти.