27 ноябрь 2024

Кароолор: 18

КОЛЛЕГИЯДА КАТУУ АЙТЫЛДЫ

         Аксы райондук мамлекеттик администрация сынын жыйындар залында администрациянын кезектеги коллегиясы болуп, анда  2 маселе каралды. Күн тартибиндеги "Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү" токтомунун аткарылышы боюнча акимдин орун басары Айсалкын Пазылова баяндама жасады. 

Бул багыттан иш начар жүрүп жаткандыгын, район облуста арткы орунда бара жаткандыгына токтолуп, жетекчилер эл менен начар иш алып барып жаткандыгын райондун акими белгилеп, жетекчилерге 10-декабрга толук бүткөрүүнү катуу тапшырды.   Өткөн жылда соцконтрак алган 65 үй бүлөдөн  2 үй- бүлөнүн мүчөлөрү жүйөөлүү себептер менен ишкерлиги токтотулган. Андан сырткары  4 үй- бүлө контракты иштете албай кайрадан төккөн. 

Үстүбүздөгү жылга 1575 квота бөлүнгөн. Учурда 800 гө жакын үй-бүлө контрак алган. Учурда 85 пайызга аткарылды.  Жетекчилерге 10-декабрга чейин толук бүтөрүүнү белгиленди. Дагы 200 адам социалдык контрак алышы керек. Айыл өкмөттөр, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  тарабынан эл менен  жакшы иштебегендиги белгиленди.

        Күн тартибиндеги экинчи маселе катары райондун аймагында "Турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу"  боюнча  Айсалкын Пазылова баяндама жасады. Бул багытта да жылыш пландалган көрсөткүчкө чыкпай жаткандыгын айтылды. Райондо 42342 турак жайдан 7 миң турак жай камсыздандыруудан өткөн. Калган турак жайларды камсыздандыруу маселеси тездетүү керектиги белгиленди.       

Коллегияда каралган маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.