24 май 2024
Кароолор: 17
КОНГУРООДОН КИЙИН КОКУЙ ИШ БОЛБОСУН

Кечээ Аксы районундагы Жунай Мавлянов атындагы инновациялык лицей жатак мектебинин актовый залында «Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш чараны өткөрүү жана окуучулардын ден соолугунун коопсуздугун сактоонун алдын алуу боюнча Аксы райондук прокуратурасы, Аксы райондук мамлекеттик администрациясы, Аксы райондук билим берүү бөлүмү, Аксы райондук ички иштер бөлүмү менен биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйынды Аксы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов ачып окуу жылынын жыйынтыктары, акыркы конгуроо аземине даярдыктар, алдын алуу иш чаралары тууралуу айтып, мугалимдерден окуучулардан Акыпкы конгуроо аземдерин тынч, мыйзам талаптарына ылайыктуу өткөрүп алуу боюнча милдеттерди алдыга койду. Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов, Аксы райондук прокуратура башчысы М.Сооронкулов, РИИБнын башчысынын орун басары Б. Садыралиев, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Б.Молдобеков чыгып сүйлөшүп «Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш чараны өткөрүү жана окуучулардын ден соолугунун коопсуздугун сактоонун алдын алуу жөнүндө милдеттерге токтолушту. Чогулушта ИДН кызматкерлери менен иш алып баруу жана “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү жөнүндө жети мүнөттүк слайд көрсөтүлдү.