27 июль 2024
Кароолор: 26
КӨПҮРӨ ОҢДОЛУП ИШКЕ БЕРИЛЕТ

Ак-Жол айыл аймагынын Шынаа айылындагы көпүрөнү сел бузуп кеткен, эл дарыянын аркы өйүзүнө чөп чапканы, мал жайытка өтө албай калган. Эми бул айыл өкмөт тарабынан колго алынып Шынаа айылындагы Ак-Жол дарыясына салынган көпүрө ремонттоло баштады. Көпүрөнү жергиликтүү усталар ремонт ишин ишке ашыршууда. Жакында бул иш бүтүп пайдаланууга тапшырылат.