15 июль 2024

Кароолор: 12

КӨРӨНӨК-ЖАРНАКТАР ЖАҢЫЛАНАТ

Кербен  шаарынын  мэриясы тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаардын борборундагы жеке менчик имараттардын жарнама тактайчалары архитектуралык талаптарга ылайык келүүсү боюнча текшерүү жүргүздү. Анда бир катар коомдук жайларда талапка жооп бербеген жарнамалар  комиссия тарабынан алынып салынды. Себеби бир нече жолу берилген  эскертүүгө карабай бүгүнкү күнгө чейин алынган эмес.

Ошондой эле шаардын борборундагы авто тыгындарды жоюу, аларды жаңы даярдалып жаткан авто токтоочу жайга киргизүү, такси кызматындагыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Шаарды тартипке келтирүү иши улантылууда.