03 октябрь 2024
Кароолор: 23
КОРУКТАГЫ ЖАН-ЖАНЫБАРЛАР КӨЗӨМӨЛДӨ

Аксы районунудагы Сары-Челек биосфералык мамлкеттик коругунда акыркы жылдары камандардын саны азайып кеткен эле. Корукчулардын талбаган аракеттеринин негизинде камандар көбөйүп жатканы мындагылар билдиришет. Анда жапайы каман тууралуу маалымат бере кетели. Каман (Sus scrofa) - коруктун аймагында бардык биотоптордо кездешет, негизинен камандар токой зоналарында да көбөйө баштады. Камандын узундугу 175 см чейин, салмагы 200-250 кг чейин жетет. Астыңкы жана үстүнкү кылкайма тиштери чоң айрыкча эркегиники, ууртунан чыгып жогору кайрылып турат. Эркеги куут мезгилине чейин жалгыз жашайт, куут ноябрь-декабрь айларында жүрөт, март айында ургаачысы 7-8 торомпой тууйт. Камандардын азыгы жаңгак мөмөлүү токойлордо жаңгак,алма,алча,алмурут,чөп өсүмдүк төрү жана алардын тамырлары, камандардын рационунда негизги мааниге ээ дейт коруктун бөлүм бвшчсы Сыргак Казатбеков.