08 август 2024

Кароолор: 160

КОШ-ДӨБӨГӨ ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 11- беренесинин1-пунктунун 5-жана 53 –беренесинин негизинде  Багышбекова Нурзат Ныязбековна Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка Аксы  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков кол койгон. 

Бүгүн Замирбек Сыдыков айыл өкмөттүн  жамаатына жаңы айыл өкмөт башчысын тааныш тырып, ишинде ийгиликтерди каалады. Жаңы кызмат орду менен Аксы райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Ашымкан Мамасыдыков, Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Дөөлөталиев, куттукташып, ийгиликтерди каалашты. Андан сон жаңы айыл өкмөт башчыга айыл аксакалдары бата беришти.

Кош-Дөбо айыл өкмөтүнүн жаңы дайындалган башчысы Нурзат Багышбекова ыраазычылык билдирип, бардык күч аракетин, билим- тажрыйбасын эл үчүн жумшап эмгектене тургандыгын билдирди.