15 сентябрь 2024

Кароолор: 39

“КУТТУУ ЭЛ” УЛУТТУК ФОРУМУ ТӨТТҮ

 

Кечээ Ала-Бука районунда Аксы, Ала-Бука жана Чаткал район элинин катышуусунда “Куттуу эл” улуттук форумунун алкагындагы “Жылдызы жанган Жалал-Абад” иш-чарасы өттү. Ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков жана үч райондун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Саамалыкта кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жарманкеге коюлуп, урандап Манас айтылды. Иш-чарада бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдө Кыргыз элинин уникалдуулугу, кылымдардан бери ата-бабалардан сакталып келе жаткан бай тарыхый мурасы, маданий жана руханий баалуулуктарын аздектөө жана жайылтуу аракеттери тууралуу сөз болду. Ошол эле учурда мамлекеттин эртеңки келечеги болгон жаш муундарды нарк-насилге жуурулушкан таалим-тарбияга үгүттөөнүн маанилүүлүгү айтылды. 

Облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, соңку жылдары мамлекетте элдин турмуш-тиричилигин жакшыртууга багытталган социалдык-экономикалык долбоорлордон сырткары, ысырапкорчулукту жоюу, улуттук баалуулук, адептүүлүк, этностор аралык ынтымакты бекемдөө, жарандардын өзүн таануусун калыптандырууга өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи. “Куттуу эл” улуттук форумунун алкагындагы “Жылдызы жанган Жалал-Абад” иш-чарасы облуста үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Буга чейин Жалал-Абад шаарында жана Тогуз-Торо районунда белгиленген.

Форумда Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Замирбек Сыдыков, Аксы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков чыгып сүйлөшүп аталаган форумдун маанилүүлүгүн белгилешип, мындай форумдардын жаштарды тарбиялоодо орду чон экендигин билдиришти.