12 ноябрь 2024

Кароолор: 11

КҮЗ МАЙРАМЫ- МЕКТЕПТЕ

Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагына караштуу  Авлетим айылындагы Асанбек Кабаев атындагы   орто   мектебинде   "Алтын күз" майрамы өткөрүлдү. Майрамда 1-11-класска чейинки окуучу лар ата-энелери, класс жетекчилери менен биргеликте момо-жемиштерден жашылчалардан, түстүү кагаздар дан, пластиктерден жасаган макеттерди, жаныбар лардын, куштардын элестерин, кооз көйнөктөрдү көрсөтүшүп, өздөрүнө кубаныч тартуулашты. Ошону менен бирге эле "Ак төөнүн карды жарылып" күз берекеси агылып-төгүлүп турганын окуучулар чыгармачылык менен жасаган шириндиктерди , нандын, салаттын түрлөрүн да  көрүүгө болот.

      Майрам ыр-бий, сахналык көрүнгүштөр менен коштолуп күз майрамдын коркун ачты .

       Аябай сонун эмгек, мээнет, чыгармачылык менен жасалган кооздуктарга сыйлыктар ыйгарылды. "Алтын күз" майрамын жогорку деңгээлде өткөргөң уюштуруучулар Ж.Минбаев,У.Калыбекова ,ата-энелер жана класс жетекчилерге терең ыраазычылык мектеп директору билдирди.

Күз берекесин берип,дасторкон жайнасын. Элибизде, жерибизде тынччылык болсун.Ар бир үйдө балдардын күлкүсү  жаңырып турсун.