13 май 2024
Кароолор: 30
КЫРГЫЗ ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ АКСЫДА

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, таланттуу сүрөтчү, философ, акын, Кыргыз эл сүрөтчүсү ардактуу наамдын ээси Асан Турсункулов бүгүн Аксы районундагы Сармат Качикеев атындагы орто мектепке келди. Аталган мектепке атайын "Искусство класс кабинетин" жасалгалап берген эле. Бүгүн дал ошол кабинетте мектептин 10-11-класстарынын окуучулары менен жолугушуу өтүп, сүрөтчүлүк өнөр, деги эле кыргыз элинин нарк -нускасы, руху, тарыхы, тили жана маданияты тууралуу кеңири сөз кылып айтып берди. Жолугушууга Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу Абдымомун Калбаев да катышып өзүнүн басмадан жаңы чыккан "Токтогул ажынын нарк-нускасы,насааттары" китебин белекке тапшырды. Кыргыз эл сүрөтчүсү мектеп окуучуларына куру келбей "Балама осуят" деген китебинен 20 нуска белекке берип, окуткан мугалимдерге кол тамга жазып берди. Окуучуларга мындай жолугушуу жакшы таасир калтырып, сезиминде жакшы ойлор пикирлер калганы алардын жүзүнөн байкалып турду. Сүрөт тарткан окуучулар менен таанышып, аларга кеп-кеңешин берди. Мектеп жамаатынын атынан мектептин директору Умсунай Жоробаева ыраазычылык билдирди.