27 июнь 2024

Кароолор: 46

КЫРМАН ТОЛО КЫЗЫЛ ДАН, ЭГИН ОРУУ КЫЗЫГАН

. Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу “Рычбек-ЖМТРК” үрөнчүлук чарбасы быйылкы жылда 22 гектар аянтка элита сортундагы буудай себишкен. Учурда чарбада кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйуу өнөктүгү жүрүп жатат. Ар бир гектардан орточо 40 центнерден түшүм алышууда. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 5 центнерденге көп. Өткөн жылы 135 тонна   үрөн даярдап сатууга жетишишти. Үрөңчүлүк чарбанынын К. Кожояров жетектеген  бригадасында    быйылкы жылда 12 гектар аянтка эгин себишкен болсо учурда ар гектардан 40-43 центнерден түшүп жыйнап алып  жаткан учур.  

              Мына ушундай эле мол түшүмдү Үч-Коргон айыл аймагындагы Маматжан Жолдубаев жетектеген “Наргозу” кооператвдик чарбасынын дыйкандары да быйылкы жылда 2 гектар эгин аянтынан 38 центнерден түшүм жыйнап алышып, кампага киргизип алышгты. Учурда чарбанын дыйкандары экинчи түшүмдү себүүнун аракетинде талааларда тынымсыз иштеп жатышат. 

Ал эми Тойчу Тыналиев жетектеген “”Аксы-ынтымагы” коомперативдик чарбасы 3 гектар аянтка “Гурт” сортундагы буудай себишип учурда 41 центнерден түшүм алып, кампа данга толуп кубанычтары артып турган чагы экен. Чарбанын башчысы 46 жыл агроном болуп иштеген, бай тажрыйбалуу 74 жаштагы Тойчу Тыналдиев аксакал, карыса да дыйканчылыкты таштабай, жаштарга насаатчы болуп талаада. Жердин сырын   да, дыйканчылыктын маданиятын да, кооперативде 3 гектар аянтка жүгөрү, 2 гектар аянтка арпа, 3 гектар аянтка буудай, 2 гектар аянтка жашылча өстүрүшүп учурда жыйым терним ишин кызуу жүргүзүп жаткан учур. Ийгиликтин сыры “Жерди которуштуруп айдоо менен убагында азыктандыруу, мурдагыдай химикаттарды бербестен жергиликтуу жер семирткичтерге өзгөчө көңүл буруп жатам” дейт Тойчу аке. 

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Саматов адисттери менен келип, кооперативдик  чарбалардын ишине көмөктөшүп, кеп- кеңештерин берип, эгин оруу өнөктүгүн уюштуруп жүрүштү. Таалайбек Саматовдун билдиргенине карганда дыйкандар жылдан жылга кылкандуу дан эгиндердин, пахтанынын аятын көбөйтүп жатышыптыр.