05 ноябрь 2024
Кароолор: 10
КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА

Аксы районунун мамлекеттик администрациясы жана Аксы райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте 24.06.2024-жылы бекитилген райондун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кабыл алган иш-чарасынын алкагында, 2024жылдын 4-ноябрь күнү Аксы раймамадминистрациясынын жана Аксы РИИБнин ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин катышуусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын, анын ичинде оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарын жана жол кыймыл эрежелерин бузуу учурларын азайтуу максатында, профилактикалык үгүт насаат иштери Кербен-Кара-Жыгач-Сары-Челек жана Кербен-Ала-Бука автожолдорунда жүргөн автоунаа ээлерине жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды.