03 декабрь 2024
Кароолор: 11
КЫЗДАРДЫН ДЕН СООЛУГУ- КЫЛЫМДЫН ДЕН СООЛУГУ

Аксы районунун Кербен шаарында Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу 16 күндүк акциясынын алкагында Кербен шаарынын Сармат Качыкеев атындагы жалпы орто мектебинде ата-энелердин катышуусунда райондук жалпы дарыгердик практика борборунун ден-соолук кабинетинин дарыгери А.Наркулова тарабынан "Кыздардын ден-соолугу, кылымдын ден-соолугу" аталышында жолугушуу өткөрүлдү. Ден соолук боюнч кеңештер берилип , кызыктуу ой бөлүшүүлөр болду. Жыйынтыгында активдүү катышкан ата-энелерге белектер берилди. Иш-чара Агахан фонду тарабынан каржыланды.