22 октябрь 2024
Кароолор: 19
МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча "Жер мунапысы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин номер 291- токтомунун негизинде жүргүзүлгөн иштер тууралуу" акимдин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов билдирүү жасды. Район боюнча 2400 адамга жерге жеке менчик укукту аныктаган Мамлекттик АКТ берүү иштери кечигип жатат, ушул күнгө 67 пайыз адам гана мамлекеттик АКТы алган. Кара -Камыш, Сары -Челек айыл аймагында өтө жайбаракат жүрүп жаткандыгын белгиленип, бул ишти аяктоо милдеттендирилди.
Күн тартибиндеги "Калкты жана социалдык обьектилерди күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктын жүрүшү" жөнүндө маалыматтарды укту жана талкуулап айрым кемчиликтерди тез арада четтетүү боюнча тапшырмаларды берди. Анткени көмүрдүн баасы тоо зонасында кымбат болуп жаткандыгы айтылып, бул багытта катуу иш жүргүзүү жагы милдеттендирилди. Көмүр ташуу Ак-Жол, Кош-Дөбө айыл аймактарында жайбаркат жүрүп жатканы белгиленип 2 күндүк мөөнөт берилди. Ошондой эле райондун аймагында тазалыкты тартипке келтирүү боюнча маселелер талкууланды. Алдыда болуучу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү" боюнча Аксы, Ала-Бука, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирүү жасап айырым кемчиликтерди четтетип, даярдыкты тездетип, шарт түзүп берүү жетекчилерге тапшырылды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.