24 ноябрь 2024
Кароолор: 45
МАКСАТ ТАТЫКТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

Аксы районунун мектептеринде келечек муундарына сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүнү арттыруу менен өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге окуучуларды жеткирүү максатында аракеттер үзгүлтүксүз жасалып келет.
ҮЧ-оргон айыл аймагындагы Н.И.Мешков атындагы мектепте "Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда ата- эненин ролу" деген темада "Ата- энелер мектебинин" программа сынын алкагында райондук семинар максаттуу ишке ашты.
Семинардын катышуучулары 7 топко бөлүнүп, иш чараларга катышышты жана предметтик олимпиадаларда, ЖРТ, "Алтын тамга" артыкчылык аттестат алууга даярдануу жаатында да пикирлешүү менен чоң тажрыйба алмашышты.