06 июнь 2024
Кароолор: 46
МАЛГА ТОЮТ ДАЯРДОО БАШТАЛДЫ

Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагында эл кышка карата камылга көрүп, мал үчүн тоют даяроону баштады. Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиргенге караганда Үч-Коргондуктар 995 гектар аянттагы көп жылдык жана табигий чөп аяттарында оруп жыюуу иштерин башташты. Негизинен бул өнөктүккө даярдык менен киришишти. Учурда тоют даярдоодо 10го жакын техникалар иштеп жатат. Көп жылдык чөптүн өсүмү да мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы. Быйылкы жылда 10312 тонна тоют даярдоо пландаштарылган.
Тоют даярдоо иши ошондой эле Ак-Суу жана Кош-Дөбө айыл аймактарында да башталды.