05 декабрь 2024

Кароолор: 24

МАНАСТЫ ДАҢКТАШЫП,АДАБИЯТ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

 Кечээ 2024-жылдын 4-декабрь күнү   12- декабрь "Улуттук адабият күнү" деп кабыл алынгандыгына байланыштуу Аксы районунун борбордук китепканасында "Манас " жана "Адабият" күндөрү белгиленди. Райондук маданият бөлүмүнүн астындагы  райондук китепкананын кызматкерлери тарабынан  " Манас үчилтигинен",  кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан жана  таланттуу акын Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан  интеллектуалдык таймашы уюштурулду.

Таймаштын максаты: Манас эпосун жана Чынгыз Айтматовдун ошондой эле Алыкул Осмоновдун Чыгармаларын окуучулар арасында жайылтуу жана таанытуу. Окуучулар арасында достукту чындоо жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн уюштурулду. 

Таймашка Кербен    шаарындагы  Ж.Мавлянов атындагы инновациялык жатак мектебинин жана Т.Үмөталиев атындагы жалпы билим берүүчү орто  мектебинин, С.Качыкеев атындагы жалпы  билим берүүчү орто мектебинин окуучулары катышышты.  Жеңген командалар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Манас айтуу жана концерттик программалар да уюштурулду.