17 сентябрь 2024
Кароолор: 21
МЕКТЕП АКИМДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ

Аксы Районунун Мамлекеттик Администрация сынын башчысы-аким Замирбек Сыдыков Кербен шаардык мэриясына караштуу Кашка=Суу айылындагы түрткү берүүчү долбоорунун алкагында айнек-терезеси алмашып жаткан Үчкемпир Турдубаев атынданы жалпы билим берүүчү мектебинин ошондой эле, Өлөн-Булак айылындагы Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фонудусу каржылап, курулуп жаткан Абдрахманов атындагы орто мектептеринин курулушунан кабар алды. Мектептердин курулушу менен ремонтунан кабар алган аким суук түшкөнчө айнек -терезелер алмашып бүтүш керекдигин эскертип, ал эми К.Абдрахманов мектебинин жаны кошумча окуу корпусунун курулушу ноябрь айына толук бүтүп, окуучулар жаны окуу корпусуна окушсун деп катуу тапшырма берди. Ошондой эле крулуштун сапаты акимдин көзөмөлүндө боло тургандыгын эскертти.