26 апрель 2024
Кароолор: 21
МЭР ЭЛ МЕНЕН

Аксы районунудагы Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов, Кербен шаардык Кеңештин төрагасы Руслан Абдыкайымов, вице-мэр Эдилбек Эрмаматов, мэриянын тийиштүү адистери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кербен шаарынын Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай жана Боспиек айылдарынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү. Эл тарабынан айтылган сунуштар кабыл алынып, аткарууга алаыша турганын билдиришип, элдин суроо талаптарына жоопторду беришип, алдыдагы иштерди пландаштырышты.
Ошондой эле быйылкы жылда социалдык тармактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгын билдирди. Ынтымак бар жерде-ырыс бар деген ушул. Жергиликтуу жектечилерге айыл аксакалдары ак баталарын берип, эл үчүн иштегиле деген акыл-кеңештерин айтышты.
Буйруса 2024- жылы чоң долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.