09 сентябрь 2024

Кароолор: 31

МИЛИЦИЯ- ЭЛ МЕНЕН

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө милици янын майору Каныбек Абдибаитов   жаңы жетекчи болуп дайындалды. Жаңы жетекчи келери менен   Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов менен   биргеликте шаардын депутаттары,  тийиштүү мекемелердин жетекчилери, адистери, шаар активдери менен жолугушуу өткөрүп, эл менен байланышты чыңдоо, коомдук тартипти сактоо, шаар ичинде автотыгындарды азайтуу сыяктуу маселелерди талкуулашты. Бир топ көйгөйлүү маселерди чечүү жолдорун кеңешишти.  Ошондой эле мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо боюнча да ойлор айтылып,бир топ баалуу сунуштар айтылды. Ошондой эле Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов мээриянын атынан жаңы кызмат орунду менен куттуктап ийгиликтерди каалашты.