17 апрель 2024

Кароолор: 257

МОЛДО БАГЫШКА КОШУМЧА КОРПУС КУРУЛАТ

              Жыл өткөн сайын элдин саны өсүп мектепке баруучу жаш муундар жетилип Сары-Челек айыл аймагына караштуу Чоң-Таш айылындагы Молдо Багыш атындагы орто мектепке окуучулар батышпай' бир партага үчтөн олтуруп окуй баштаган. Аталган мектептин ачылганына 30 жылдан ашып бараткандан кийин, мектепте класстар жетишпей көйгөй боло  баштаган. Мектептин алгачкы биринчи курулган корпусу  авариялык акыбалга келип, балдар окууга жарабай калган эле.  Айылдын ишкер жигити Жалилбек Керимкулов Арабиядагы Дубай мектебинин " Мухаммед Бин Рашид Ал Мактум"  кайрымдуулук жана гуманитардык уюмунун жетекчиси Мухаммед Бин Ал Мактум менен сүйлөшүп аталган мектептеги көйгөйдү чечип жаңы заманбап 7 класс кабинеттен турган, ашканасы менен окуу корпусун куруп берүүгө макул болгон.

 Аталган мектеп 1-сентябрга бүтүп пайдаланууга берилмекчи. Демилгени. Колдоого алып Авлетим айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Нурмырза Абдырамановдун билдиргенине карганда араптар аталган айылдын таза суу көйгөйүн да чечип берүүгө убада кылышкан. Андан сырткары бул жерге бардык шарты менен балдар бакчасы да курулмакчы. Курулушту ишке ашырууну " Ихсан-Хайрия" фондусу ишке ашырат. 

Бүгүн Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Сары-Челек айыл аймагынын башчысы Таалайбек Айткулов, Аксы райондук өнүктүрүү фондусунун башчысы Нурмырза Абдыраманов башкы демөөрчү Мухаммед Бин Рашид Ал Мактумдун жана жеке ишкер Жалилбек Керимкуловдун катышуусунда жаны мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп, ишке старт берилди. Жалпы Чоң -Таш айылынын эли, аксакалдары ак баталарын берип иш башталды. Жаңы мектеп санузели, ысык, муздак суусу, ашканасы бардык шарты менен болот.