11 декабрь 2024

Кароолор: 10

МУГАЛИМДЕР ТАЖЫРЫЙБА АЛМАШТЫ

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы  Токтогул ажы Токтомат уулу атындагы  орто мектебинде башталгыч класстарындагы окутуу, тарбиялоо иштери боюнча "Бала келечеги билгичтикте" темасында мугалимдердин аймактык жолугушуусу болду.

Мугалимдер У. Дайырбек кызы жана Г. Абдирасулова, Н. Авазбековалардын, ошондой эле Н.Рыскулов атындагы орто  мектебинен А.Толтоева, Ж. Наркулов атындагы мектептен А.Шаршенбекова лардын сабактары, класстан тышкаркы иштери максаттуу, жеткиликтүүлүгү менен мактоого татыктуу болду.

Жаңыча мамилелер окуучунун сезимталдыгын, сөз байлыгын арттыруу менен ар кандай турмуштук кырдаалга билгичтиктерин колдоно билүүгө, ар бир окуяны изилдөөгө жөндөмдүү балдардыгн бар экендиги кубандырды.  

Чакан мектептин тыкан аракеттерине чек болбосун!