26 апрель 2024

Кароолор: 65

МУНАРБЕК ЖАСАГАН ТРАКТОР

Акыркы жылдары президентибиз балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө өзгөчө көнүл буруп келет. Бул балдардын ой жүгүртүүсүн арттырып, жаңы ачылыштарды жасоого жол ачты деесек жаңылышкандык болбойт. Аксы районунудагы Сали Жоробаев атындагы орто мектептин окуучусу Мунарбек Орозов өзү ойлоп тапкан техникалык жаңылыгы менен райондо белгилүү болуп калган окуучу. Жакында  "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз-2024" Эл аралык форумунда райондон, областтан 1- орундарды ээлеп, Республикалык сынакта экинчи орунду ээлеп Күмүш медаль менен сыйланып,  II даражадагы диплом, сертификатты жеңип алууга татыктуу болду. Ал сынактарда трактор техникасынын моделин жасап, электр энергиясын алуучу ГЭСтин моделин жасап катышкан. Учурда ал Ысык-Көлдө  атайын  путевка менен эс алууда. Азаматсың Мунарбек, биз сени менен сыймыктанабыз! Мунарбектей азаматты тарбиялаган ата-энесине, мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз. Белгилеп кетүүчү нерсе Мунарбектин атасы Нуралы Апарбаев өзү да трактор жасап алып, учурда элге кызмат кылууда. Нуралы акенин ойлоп тапкан трактору дыйкандар үчүн ыңгайлуулугу менен жагат.