12 декабрь 2024

Кароолор: 40

МЫЙЗАМСЫЗ БОЛСО БУЗУЛАТ

            Кыргыз Республикасынын    Президентинин «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объектерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө»  чечимин турмушка ашыруу боюнча Аксы районунун аймагында мамлекеттик маанидеги автожол жээгине мыйзамсыз курулуп калган, жолдун аралыгына чыгып кеткен жалпы 46 объект буздурулуп алынып салынды. 

         Ошондой эле  113 объектиге эскертмелер берилди. Мамлекеттик тиешелүү ыйгарым укуктарга чара көрүү боюнча 27 объект жөнөтүлдү. Административдик 15 объектиги айыптар салынды. Учурда райондук аймагындагы мамлекеттик автожолдорго мыйзамсыз автожолдун аралыгына кирип кеткен объектилерди прокуратура органдары, райондук комиссия тарабынан кайрадан такталып, райондук комиссия тарбынан тиешелүү чаралар көрүлүп мамлекеттик автожол жээгин иретке келтирүү иштери уланууда.