11 июль 2024
Кароолор: 24
ОБЛУСКА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун башка Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сыргабаев Абсаттар Токтогулович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.