11 май 2024
Кароолор: 12
ӨКҮЛДҮН АКСЫГА ИШ САПАРЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев атайын келип Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Кечү айылындагы селден улам жолго кооптуулук жаралган участкаларын көрдүю Анда жаан-чачындагы сел коркунучу жогорулап, айылдын негизги каттамындагы жолго кооптуулук жаралган участкаларын кыдырып, таанышты. Абал менен жеринен таанышкан облус башчысы айылдагы жолдун жабыркаган аралыгын калыбын келтирүү үчүн каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. Жергиликтүү бийликке жана жол тейлөө ишканасынын кызматкерлерине суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу боюнча сметалык долбоорлорду даярдоону тапшырды. Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Кечү айылында төрт миңге жакын калк жашайт.