18 май 2024
Кароолор: 25
ОКУУЧУЛАРДЫН КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫГУУСУ АРТУУДА

"Бир адамдан бир китеп"
долбоору аракетте
Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Улук айылындагы Жакып Султанов атындагы орто мектептебинде "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун кезектеги иш чарасы эң жогоркуденгээлде өттү. Семинардымектептин директоруГүлжамал Кулжабаеваачып мектептегиокуучуларды китепокууга кызыктыруу, балдардын китепке достошууга тартууда мектеп жамаатынын аракеттери тууралуу айтып, бүгүнкү "Бир адамдан бир китеп" долбоорунунуюштуруучуларына ийгилик каалады. Мектептин китепканасыныкитеп фондусунбайытууга болгоништер менентааныштырып, демөөрчүлөрүнө ыраазылыкбилдирип кетти. Семинар мектептин таланттуу окуучуларынын ырлары менен коштолуп турду.
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башкыадиси НурийлаТилекматова, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынынорун басары НургазыИсабеков, айылдынардактуу атуулуСултан Анарбаев жана башкалар чыгып сүйлөшүп, окуучулардыкитеп окуугачакырып, балдаргаболгон каалоотилектерин айтыпөттү. Мектептежакшы саамалыктарарбын алардынбири мына ушул мектептинбүтүрүүчүсү Бектурган Орозбаев мектепкебаа жеткисдемөөрчүлүк кылып, балдарды китеп окууга кызыктырып, аларга дем күч жаратыпкелет, атап айта турганболсок мектепке 3 комплект компьютер, 12 ноутбук белеккылып алып келип тапшырыпкеткен. Ал эми быйылкыокуу жылындаэң мыктыкитеп окуган, окуп эле тим болбостонокуган китебинин маани мазмунун айта билген, мыкты окуучуларга 100 мин сом сыйлык жарыялап берген. Учурда 80 жакын окуучулар алды 30 га чейин көркөм адабийкитептерди окуп, баш байгенижеңип алуугааракет кылышууда. Ал эми мектеп ысмыналып жүргөн ЖакыпСултанов карыянын урпактары мектепке 545 нуска эң мыкты, залкар акын-жазуучулардын китептеринбелекке берип, окуучулардыкубаныча бөлөп олтурушат. Ошондой эле Улук айылынынтургундары АкылбекНарбаевдин, КенжеаалыАнарбаев, КубанычбекШатмановдордун үй -бүлөсү мектепке 15-20 нускадан китептерди белек кылышып китеп фондусун толуктап беришкен. Мектепте китеп окууга кызыккан окуучулардын саны кескин өскөн. Атап атайтканда 1-класстынокуучусу БайболАбдыкапар уулу "Жомоктор дүйнөсү" китебинтолук окуп чыгып классташтарына кызыктуу жомоктор тууралуу айтып берүүгө жетишкен. Ал эми даярдоо группасынакелип окуп жаткан эң кичинекейокурман АрзыбекТаштемировокуган китептеритууралуу айтыпберип окуучулардытаң калтырыпкелет.
Балдардын китепке болгон кызыгуусунун артып жатканы алардын мыкты билим алуусуна өбөлгө болуп жатканын мектептин директору Гүлжамал Кулжабаева да бышыктады. Учурда мектепте 359 окуучу билим тарбия алып келет. Окуучуларга 29 жогорку билимдүү,тажырыйбалуу мугалимдер билим тарбия берип келишет. Аталган мектеп жаңы курулган заманбап мектептердин бири. Андыктан окуучуларга терең билим алууга толук негиз бар деп айтууга болот. "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун уюштуруучулары,негиздөөчүсү Бакай Акылбеков, актер,тамашоочу Жаныш Майрамбек уулу, ырчы жаш актвист Санжар Чубак уулу, жана алып баруучу Биназар Кудайкулов окуучулардын жан дүйнөсүн байытып, китеп менен достошууга чакырып, семинарды кызытышты. Семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды.