18 сентябрь 2024
Кароолор: 20
ОКУУЧУЛАРГА БЕЛЕК БОЛДУ

Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, акын -жазуучу Абдымомун Калбаев өзүнүн чыгармачылык жолунда мектеп мугалимдери, мектеп окуучулары үчүн көп эле эмгектерди жазып, китептер ди чыгарып, ата- энеден эрте жажырап калган балдар үчүн акцияларды өткөрүп келет. Бүгүн акын-жазуучу өзү төрөлүп өскөн Авлетим айылынын Байгашка-Терек айылындагы Ыман Акылбеков атындагы орто мектепке барды. Бул жерге куру кол келген жок, мектеп окуучуларына ылайыктуу көркөм адабий 30 нускабасмалардан жаңы чыккан ар түрдүү китептерди алып барып тапшырды. Мектеп окуучуларына ийгиликтерди каалоо менен китеп менен достошууга чакырды. Кезегинде мектептин директору Айбек Жанчаров акын-жазуучуга окуучулардын, мектепте эмгектенип, жаштарга билим берип жаткан мугалимдердин атынан ыраазычылык билдирди.
Бул акын-жазуучунун биринчи жолку сапары эмес, жыл сайын бир ирет мектепке барып, окуучулар менен кезигишип, аларга чыгармачылыгы тууралуу айтып берип турат. Өткөн жылы залкар Манасчы Саякбай Каралаевдын вариантындагы "Манас"эпосунун жаңы чыккан 4 томдугун белек кылган.
Жыл сайын эң мыкы китеп окурман окуучуларга акчалай сыйлыгын да берип турат. Бүгүн болсо китепкананын китеп фондусу жаңы 30 нуска көркөм адабияттар менен толукталды. Анын ичинде Кыргыздын залкар жазуучуларынын, акындарынын, орус-казак классиктеринин чыгармалары бар.