06 ноябрь 2024

Кароолор: 53

ӨМҮРҮН ЭЛГЕ АРНАГАН БААТЫРЛАР

     Бүгүн Кыргыз эли тарых жана ата бабаларды эскерүү күнүн белгилеп жатышат. Ошого шайкеш эле Кара-Кыргыз автомономдуу  облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жаткан учур. Аксы районунун Кербен шаарында Кеңеш  өкмөтүн орнотууда баа жеткис салымы бар, өмүрүн элге арнаган аталарыбызга тургузулган эстелик бар. Бирок эч ким бул эстелик  кимге тургузулган, бул жерде кимдер жатат деп эске албайт деле. Көрүнүктүү  полковедец-коомдук ишмер, Кызыл Жылдыз орденин кавалери Арстаналы Осмонбеков түзгөн Кыргыз-Кавказ Кызыл атчандар двизионунун түзгөң, мына ошол двизиянын командири болгон. Мына ушул двизияга Аксыдан 217 адам өз демилгеси менен мүчө болуп кирген жана кан жанын аябай күрөшүп бизге мына ушул бактылуу күндөрдү жаратып берген. Алардын ичинен мен 3 адамды карыя болуп, карып калган кезинде көрүп батасын алып калдым. Алар кимдер Султангкул Эгембердиев, Алымбай Мырзакулов, Саты балды Абдуллаев, ал эми мен көрбөй көзү өтүп кеткен, эл азырга чейин унутпай эмгектерин айтып жүргөн. (ар кайсыл жерде) Арстаналы Осмонбеков, Алишер Молдокеев, Асанбек Кабаев, Сулайман Айтиев, Алым Осмонбеков Тургуналы Жолоев сыктуу залкар инсанда  рыбыз бар. Бул аты аталгандардын көбүнө мектептердин, көчөлөрдүн аттары берилген.  Бирок, дал мына ушул адамдардын эмгегин баалап, эстеп куран окуп коюу жагы эстен чыгып калып жүрөт. Азыркы жаштарыбыз, жаштар эле эмес жетекчилерибиз да бул адамдар тууралуу маалыматтары жок, билбей калышты.

  Бүгүн дал ушул аталарыбызды эскере турган күн. Ошол 217 адам, бул мен тапкандары гана  көптөрү белгисиз да болуп кеткен. Анткени бул двизияга мезгилинде 300 адам тартылган экен. жараткан Аллаа таалам ушул аталарыбыздын жанын жаннатта кылып, өз рахматына алган болсун. Урук туугандары көзү өткөн аталарын билген болсо, бүгүн рухтарына багыштап куран окуп койгула демекчимин.  Башымды ийип сиздердин рухунуздарга таазим кылам. 

Абдымомун Калбаев,

акын- жазуучу, Кыргыз Республикасынын 

маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

 

СҮРӨТТӨ; Асанбек Кабаев жетектеген атчандар отрядынын мүчөлөрү,  мен көрүп батасын алган, көздөрү өтүп кеткен баатыр абаларым.  Үчөөсү тен АВЛЕТИМ айылында жашап өттү.