14 декабрь 2024
Кароолор: 10
ӨРТТҮН АЛДЫН АЛГАН ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ЖАНА ОКУУ ӨТТҮ.

ӨКМдин Жалал Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн 2024-жылга түзүлгөн планына ылайык 13-декабрь күнү Кербен шаарында өрт-тактикалык машыгуу жана окуу өткөрүлдү. Тактикалык машыгуу жана окуу Россия (АЗС) май куюучу жайында уюштурулуп, анда өздүк курамдын тилсиз жоону өчүрүүдөгү даярдыктары текшерилди. Ошондой эле май куюучу жайга кайрылган айдоочуларга, жергиликтүү жарандарга өрттүн алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлүп, коопсуздук эрежелерин сактоо, кырсык катталган учурда көрүлүүчү алгачкы аракеттер, өрт кырсыгын болтурбоо жана ооздуктоого каршы чаралар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай практика кырсыктардын тобокелдигин азайтууга жана алдын алууга өбөлгө болмокчу.