03 декабрь 2024
Кароолор: 16
ӨЗ ЖЕРИҢДИ БИЛИП ЖҮР:-ТЕГЕРЕК ТАШ-ТЕГИН ТАШ ЭМЕС

Аксы, Ак-Жол, Тегене. Чолок-Сөгөт менен Жорголоттун чатындагы ушул жерди эл Тегерек-Таш деп аташат. Жергилик элдин түшүнүгүндө бул таш ыйык делип, ага байланыштуу сөздөр айтылып жүрөт... 1940-50-жылдарда Таш-Көмүр–Ак-Жол–Караван автомобиль жолун жаңы сала баштаганда (Жаңы-Жол району деген ат ошондон калган) бул ташты жол боюнан сүрүп салганы тиш салган бульдозерчу өлүп калат. Таштын сүрөттө көрүнүп турган кетиги ошол бульдозердин тишинен сынган экен. Ошондон бери бул ташка жолчулар да, жолоочулар да, эч ким тийишпейт!...
Балдарга Жол-Баканда жаздоо-күздөөдө отурчуда мал суугарганы бул жерге ылдыйлап түшкөнүбүздө ата-энелерибиз бул жерге тийбегиле, ташка чыкпагыла деп кулакка куюп турушчу.
2000-жылдардын башында жол кеңейтилип асфальт басылганда да кытайлык жол куруучулар жолдун сай тарабын көтөрүп кеңейтип, жолго тийишип турган бул тегерек ташка тийишпей кыйгап өтүшкөн... Илгери аттуу-жөө жолоочулар тегерек таштын жанындагы тиги даракка чүпүрөктөрдү байлап, ташка алакан тийгизип бетке сүйкөп, бир нерселерди күбүрөп тооп кылып өтүшчү эле. Азыр чүпүрөк тургай курчаган зым короосу да жок турат. Тарыхый жайларды сактайлы, балдарга айта жүрөлү.