07 май 2024

Кароолор: 32

ПАДЫША-АТА КОРУГУНУН 20 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНИП, ЖАҢЫ КЕҢСЕЛҮҮ БОЛДУ

Кереметтүү Аксы жергесинин кооздугу тууралуу айта берсе сөз түгөнбөйт. 2003-жылы Аксыдагы Авлетим токой чарбасынан  Падыша -Ата токойчулугу бөлүп, бул аймактын ажайып бир кооздугун, биотүрдүүлүгүн, жан -жаныбарларын сактап, өнүктүрүү максатында Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу түзүлгөн. Ушул мезгилге чейин коруктун кызматкерлери шарты бар кеңсеси жок, ар кайсы жерде бош жай болсо көчүп конуп иштеп келишкен. Бүгүн Падыша-Ата мамлекттик жаратылыш коругунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленип жаткан учурда коруктун заманбап эки кабаттуу, бардык шарты менен курулган кеңсесинин да ачылыш аземи болду. Бул күн корукчулар үчүн кош майрам катары өзгөчө күн. Аземге Кашка-Суу айылынын эли,коруктун ардагерлери, райондун жетекчилери келишти. Кеңсенин ачылыш аземине Кыргыз республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары  Мирислав Аманкулов, жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директору Азамат Кенжебаев, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Замирбек Сыдыков келип жаратылыш коругунун кызматкерлерин коруктун уюшулгандыгынын 20 жылдык мааракеси жана  заманбап эки кабаттуу жаңы кеңсесинин ачылыш аземи менен куттукташып, коруктун кызматкерлерине баалуу белектерди тапшырышты. Жаңы имараттын курулушуна 7798442 сом каражат жумшалды. Салтанатта токойчуларга мандай камкордук көп жылдардан бери болбогондугу айтылып президентке, министрдин дарегине ыраазылыктар айтылды. Райондун ардагерлерли Абдыкайым Өмүрбеков, Кеңеш Ибраимов куттуктап каалоо тилектерин айтышты. 

     Белгилеп кетүүчү нерсе учурда 30 мин гектардан ашык аянты бар, анын ичинен 14 миң гектардан ашык өзгөчө корголууга алынган аянты бар корукта өсүмдүктөрдүн 859 түрү, сүт эмүүчүлөр тобуна кирген 30 түрдүү жаныбарлар, канаттуулардын 51 түрү, андан сырткары кийик, аркар, кулжа, элик, доңуз, камандар, суурлардын 2 түрү,карышкыр, аюу, кекилик, улардын түрлөрү жашайт жана корукка алынган. Падыша -Ата коругунда учурда 26 корукчу токойчулар эмгектенет. Бүгүнкү аземде бир катар мыкты иштеген азаматтарга ардак Грамоталар, медалдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сөздүн акырында жаңы конуш жайлуу, куттуу баяндуу жай болсун, коруктун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси кут болсун демекчибиз.