29 июнь 2024

Кароолор: 40

ПЕРИ КӨЛ- КАРА- КАМЫШЫМ

Абдымомун Калбаев,

акын жазуучу.

ПЕРИ КӨЛ- КАРА- КАМЫШЫМ

Көл сулуусу Кара-Камыш,

Жараткан  көздөн алыс.

Сендей сулуу кем жаралат,

Апыртпадым сөзүм калыс

 

 Шар түшкөн сууң аскадан,

Суктанат сага канча адам.

Көз тийип кетпесе экен деп,

Кызганам сени башкадан.

 

Атыңды койгон бурмалап,

Чындык бул аны ким танат.

Акак мончок перисиң,

Бой жеткен кыздай күн санап.

 

 

 

 

Кулпуруп күндө жаңысың,

Пери көл Кара-Камышым.

Сөз менен сени сүрөттөп,

Айта албайт акын баарысын.

 

Жээгиңде камыш өспөгөн,

Перисиң жүрөк өрттөгөн.

Сулуудай жатсаң суйкайып,

Сага,

Суктанбай эч ким өтпөгөн.

 

Ак кууң тарап канатын,

Мекендеп тоонун арасын.

Айпери кыздай көлүмдү,

Көргөндө эстен танасын.