29 октябрь 2024

Кароолор: 13

ПРЕЗДЕНТТИН “ЖАШЫЛ МУРАС” ДЕМИЛГЕСИ АРАКЕТТЕ

Аксы районунун токой чарбаларында кыш алдында көчөттөрдү олтургузуп жашылдандыруу ишине киришишти. Атап айтсак Кара-Камыш айыл аймагындагы Кара-Камыш көлүнүн айланасын жашылдандыруу иштери башталды. Аркыт токой чарбасынын кызматкерлери менен бирге көл жээгиндеги туристтик тармакта иш баштап жаткан ижарачылар бир гектарга жакын аятка 150 түп жергиликтүү карагайдын жана 150 түп ак кайыңдын көчөтүн олтургузушту. Эми алдыдагы максат бул аятты короолоп көчөттөрдүн өсүп кетишине шарт түзүү дейт токойчулар.

 "Экологиялык тартип* коомдук фондунун мүчөлөрү жана коомдук активисттер катышкан "жашыл ишембилик" ийгиликтүү  өттү.