16 май 2024
Кароолор: 61
ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

Аксы районунунда Кыргыз Респуб ликасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына жана Жалал-Абад облусунун аймагында балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад областынын башкы прокурору Турусбек Ишеналиев жетектеген областтык күч органдарынын кызматкер леринин окуучулар менен чоң жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кербен шаарындагы орто мектептердин окуучулары катышты. Окуучуларга Жалал-Абад облустук драма театрынын артисттери "Кыйылган өмүр" спектаклин көрсөтүштү. Окуучулар көрсөтүлгөн спектаклди кенири талкууга алышты. Окуучулар алдыдагы максаттары менен ой бөлүштү. Суроолорду беришип ишенимдүү жоопторду алышты. Жолугушууну Жалал-Абад областтык прокуратурасынын прокурору Турусбек Ишеналиев өзү алып барып, мугалимдер жана окуучулар менен кенири пикир алышуу болду. Окуучулар маектешип пикир алышууга абдан активдүү катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү жана өз сунуш пикирлерин айтышты.
Окуучулар менен болгон жолугушууга райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук прокуратуранын, кызматкерлери, мектеп дирек торлору катышты. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айсалкын Салиева катышып, сөз сүйлөп, окуучуларга жаркын келечек каалап, ар кандай кылмыштуулуктан сак болууга чакырды.