27 сентябрь 2024

Кароолор: 42

РАЙОНДО ТҮШҮМ МАЙРАМЫ ӨТТҮ.

        Кечээ күн бүркөлуп жаан жаап турганына карабастан түшүм майрамы өттү. Райондук көргөзмө- жарменкеге райондогу бардык айыл аймактардан, жеке чарбалардан асыл тукум койлор, жылкылар, жаңы келген айыл чарба техникалары, сапаттуу өстүрүлүп алынган айыл чарба азык-түлүктөрү, жеке ишкерлердин колунан чыгарылып жаткан өнөр жай товардлары, жашылча -жемиштер, нан азык- түлүктөрү кеңир ассортиментте коюлду. Бир жылдарда алып чыгарганга эч нерсе жок, дүкөндөрдөгу азык-түлүктөрдү алып чыгып көрсөтүп келген болсо, бүгүн “Аксыда жасалган” деген марка менен чыгарылган азык-түлүктөр, кайнатмалар, соктор, нан-азыктары, жашылча-жемиштер,кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көргөңдүн көз жоосун алып, эл кызыгуу менен соода кылып жатты. Дыйкандын колунан берекеси төгүлгөн бышыкчылыктын чон майрамы болду. Өзгөчө Кош-Дөбө, Үч-Коргон, Сары-Челек, Кербен шаар мэриясынын, Ак-Жол айыл аймактарынан, Аксы, Аркыт, Авлетим  токой чарбаларынан жер- жемиштер, айыл чапрба азык түлүктөрү арбын болду. арбын болду.