24 май 2024

Кароолор: 14

РЕСПУБЛИКАДА АЛДЫҢКЫ ОРУНДА

Президенттин “Жашыл мурас” жарылыгын колдоого алган мекме-ишканалар, окуу жайлар, мектептер, токой чарбалары бул ишке активдүү катышып, жаратылышыбыздын кооз, жерибиздин көрктүү болушуна өз салымдарын кошуп келет. Бул  иште алдынкылардын катарында Кербен шаарындагы №69- кесипчилик-техникалык лицейинин жамаатынын аткарып жаткан иштери мактоого татыктуу.  Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жакында үч айлыктын жыйынтыгын чыгарып эң мыктылардын катарында аталган окуу жайдын жамаатын  атады. Окуу жайдын жетекчиси Топчубек Тасмаевдин жамааты менен жасап жаткан иштери, окуу жайдын алындагы көмөкчү чарбасы мактоого татыктуу.  Жакында окуу жайдын дарегине  Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинен “Ыраазычылык кат” келип түштү. Биз Топчубек Тасмаев жетектеген жамааты куттуктоо менен чон ийгиликтерди каалайбыз. Азаматсыңар.