14 октябрь 2024
Кароолор: 17
РЕСПУБЛИКАЛЫК СЕМИНАР-КЕҢЕШМЕ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛЫНДА ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамалекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин демилгеси менен Аксы районунудагы Кош-Дөбо айыл аймагында “Жамааттын ынтымагы- өнүгүүгө өбөлгө” атттуу республикалык семинар-кеңешме болуп өттү. Семинар-кеңешменин ишин Аксы райондук мамлекеттик администрация сынын башчысы Замирбек Сыдыков ачты. Семинарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсара Абдибаева Жогорку Кеңеште кабыл алынып жаткан мыйзамдар өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүдө өбөлгө болуп жаткандыгына токтолуп, айыл аймагындагы социалдык инфраструктуранын оңдоого кошуп жаткан салымдары жана колдоолору тууралуу кеңири айтып берди. Айыл аймагынын жакшы иштеген адисттерин Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан Ардак грамоталар менен сыйлады.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштериндеги жетишилип жаткан ийгиликтерге Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев кеңири маалымат берип, суроолорго жоопторду берди. Айыл жергесинин социалдык инфраструктурасын жакшыртууда жамааттын ынтымагын чындоо менен өнүгүүгө салым кошуп жаткан бир топ кызматкерлерге агенттиктин Ардак грамоталарын тапшырды.
Семинарда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзат Багышбекова айыл аймакта аткарылып жаткан иштер менен кеңири тааныштырып өттү. Мына ошондой эле Чаткал районундагы алгылыктуу иштер тууралуу тажрыйбаларды бөлүшүу менен Чаткал районуну акими Алтынбек Сенирбаев видеоролик аркылуу кеңири маалымат берди.
Ал эми Мамалекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Бактыгүл Усеналиева кадрлардын иштери жана милдеттери тууралуу баяндама жасады. Негизинен семинардын теориялык бөлүгү иштиктүу өттү.
Аксы районунудагы Кош-Дөбо айыл аймагында Жамааттын ынтымагын чыңдоо менен аткарылып жаткан иштер, жана алдыдагы иш пландар менен республикалык семинар-кеңешмеинин катышуучу лары жеринде таанышып чыгып, тажырыйба алмашышты. Кош-Дөбө айылында көргөзмө жарменке да семинардын катышуучуларынын кызыгуусуна татыды. Айыл аймактагы алгылыктуу иштер менен айыл өкмөттү башчысы Нурзат Багышбекова кеңири тааныштырып чыкты. Семнардын жүрүшү Кош-Дөбөлүк таланттардын концерттери менен коштолуп турду.