15 июль 2024
Кароолор: 13
САКТАНСАҢ КУДАЙ САКТАЙТ

Жалал-Абад шаарында болуп өткөн зээн кейиткен өрт кырсыктары, ууланып калууларга байланыштуу жана мэриянын ар дайымкы жүргүзүүлүчү түшүндүрүү иштерине негиз, Кербен шаарынын аймагында коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине, жалпы жаратылыш газын, электр кубаттуулуктарын пайдаланып жаткан социалдык жайларга, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, кылдат жана этият шарт менен иш алып баруу табышталды.
Ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө жол жээктеринде, тротуарларда коомдук тартипти бузуу менен соода сатык кылып жаткан жарандарга айып пулдар салынып, тиешелүү белгиленген соода жайларында гана соода кылуу эскертилди.