08 июнь 2024

Кароолор: 16

САКТЫККА КОРДУК ЖОК

Аксы районунда каникул учурунда балдардын эс алуу мезгилин уюштурууга карата даярдыктар көрүлүп, коопсуздуктун да алдын алуу чаралары көрүлүп жатат,  атап айтканда балдарды сууга түшүү коопсуздугун алдын алып түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.  

 

         Аксы райондук ИИБнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекцияны ата-энелер менен биргеликте иш алып барууда. Учурда окуучулар жайкы каникулга чыгышып, жайдын аптабында эс алуу үчүн көлмөлөргө, агын суу жээктерине, токойлорго барганда этият болууга, сууга агып кетпөө, чөгүп кетүү коркунучтарынын алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери жер- жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 

 Мындай учурларда кырсыктын алдын алуу үчүн  эң биринчи ата - энелер балдарына көзөмөлдү күчөтүүсү керек дешет адистер. Анткени каникул учурларда балдардын коопсуздугу ата - энелердин жоопкерчи лигинде.

          Кызматкерлер кооптуу аймактарды айтуу менен, эскертме кагаздарды коомдук жайларга илип чыгышты.