18 июль 2024

Кароолор: 28

САКТЫККА КОРДУК ЖОК

Кыргыз гидромет 22-июлга чейин нөшөөрлөгөн жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарда анын ичинде Аксы районунуда  сел жүрүү коркунучу бар экендигин эскертип жатат. Урматттуу жетекчилер ар дайым даярдыкта туруп, каналдарды убагында тазалап, элди өтө зарыл болбосо алыс жолго чыкпай турууга, сел коркунучу бар аймактарга эс алууга чыгууга чыкпай турууга  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын алып эскертүүлөрдү беришиңиздер зарыл. Элибизде сактыкка кордук жок деген нускалуу сөз бар.   Бүгүн   тунку саат 02:00 чамасында Кызыл-Жар-12-Ак-Суу автоунаа жолунда сел жүргөн. Каттам токтобогону менен жолду калыбына келтирүү зарылчылыгы бар. Элибизде, жерибизде тынччылык болсун.