13 июнь 2025
Кароолор: 9
Сары-Челек айыл аймагындагы “Модулдуу үйлөрдүн” ачылыш аземи болду

Бүгүн Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагындагы туристтик багытта курулган “Модулдуу үйлөрдүн” салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акими Максатбек Саргазаков жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.
Аталган эс алуу жайына 8 млн 678 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын 7 млн сомдон ашууну долбоор аркылуу “Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги” (АРИС) тарабынан каржыланган. Калган сумма өздүк салым экебинен жумшалган.
Облус башчысы жергиликтүү айыл тургундарын куттуктап, заманбап шарттагы үйлөр — туристтерди кабыл алууга ылайыкташкан, архитектуралык талаптарга жооп берген мейманкана тибиндеги курулуш экенин белгиледи. Бул аракеттер табияты кооз Сары-Челек аймагына келген туристтердин кызыгуусун жаратып, ыңгайлуу эс алууга шарт түзөөрүн кошумчалады.
Ошондой эле, Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунда туризм тармагын өнүктүрүү үчүн, эң алгач тейлөө сапатын жакшыртууга, инфраструктуралык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.