09 июль 2024

Кароолор: 22

СЕЛ АЛЫП, ЖОЛДОР БУЗУЛДУ

Сары-Челек айыл аймагында жайгашкан Авлетим токой чарбасынын Итагар токойчулу гунда быйыл үчүнчү ирет жайлоого кеткен жолдорду калыбына келтирүүгө туура келип олтурат. Сегизинчи июлда нөшөөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел Итагар дарыясынын эки жээгин бузуп, андан сырткары жайлоого кетүүчү жолдорду бузуп аң кылып кеткендиктен убактынча каттоо токтоду. Учурда кайрадан жолду калыбына келтирип, дарыя жээктерин бекемдөогө туура келип турган учур. Гидрометборбордун берген маалыматына караганда 12- июлга чейин нөшөөрлөгөн жаан чачырдын болушу күтүлүүдө. Токой чарба кызматкерлерине ар тараптуу көмөк көрсөтүу зарыл. Учурда ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн адисттери келтирилген зыяндарды такташууда.