07 июнь 2024
Кароолор: 14
СЕЛ БУЗГАН ЖОЛДОР ОҢДОЛУУДА

Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим токой чарбасынын Итагар токойчулугуна караштуу Итагар жайлоосуна кеткен жолдорду, көпүрөлөрдү июнь айынын башында болгон өткөн катуу жаан күндөрү сел алып кеткен жолдорду оңдоп, жайлоого чыккан элге шарт жаратып, карым катнашты жөнгө салууда токойчулар чоң иштерди аткарып жатышат. 17 чакырым жолдун 3 чакырымындагы сел алган жерлер калыбына келтирилүүдө. Бул ишке Замирбек Батырбеков жетектеген токойчулар кубаттуу 2 техника 10дон ашык адам чыгып бузулган жолдор жана сел алган 3 көпүрө калыбына келтирилди. Учурда техникалар Авлетим токойчулук бөлүмүндөгү сел алган жолдорду ондоо иштерин жүргүп жатышат.