21 май 2024

Кароолор: 79

СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИ ЖОЮЛУУДА

КыргызРеспубликасынын Өзгөчө КырдаалдарМинистринин  биринчи орун басары Эделбек Кулматов атайыниш сапарыменен Аксыга  келип, районго чоң жардамберди. Ошондой эле  Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев  өзү сел алган жерлерди кыдырып көрүп, тапшырмаларды берип,айрым көйгөйлөрдү жериндечечип жардамдарды бергендиктен элден ыраазычылыктар айтылып, кыйынчылыктар артта калууда.

 Атап айтканда  райондогу Кара-Камыш айыл аймагында 2024-жылдын 17-май күнү  таңкы саат  05:00 чамасында  нөшөөрлөп жааганжамгырдан улам Чарба айылындаКара-Суу дарыясынын  деӊгээли жогорулап, дарыянын сол жээгин суу жеп, дарыяга жакын жайгашкан  8 турак үйгө жана короо жайынакооптулук жаралган. 

Ыкчам аракеттердин уюштуруу иш чаралары көрүлүп  КР ӨКМдин жардамыменен 2 экскаватор, 1  кран,  2   автосамосвал, 1  трал сыяктуу   6 атайынтехника келипкүнү-түнү иштегендиктиннатыйжасында Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө жана суунун нугунбуруу максатында, 14 каттам аска таштары ташыпкелинип, Кара-Суу дарыясынынсол жээгинде 20 метр аралыкта 2 шпорага аска таштар орнотулду. 

Дарыянын нугунан 50 метр аралык  тереңдетип казууиштери жүргүзүлүп суу бир нуккасалынып жээктердибузуп кетүү коркунучучеттетилди.  Ал эми 19-май күнү Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө жана суунун нугун буруу иш-чаралары улантылып  44 каттам   аска таштары ташып келинип, Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде 58  метир аралыкта дарыя жээктери бекемделип аска таштар орнотулду.