18 октябрь 2024

Кароолор: 18

СЕЛ ЖҮРҮҮЧҮ ЖЕРЛЕР БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Аксы районунун Кербен шаарына караштуу  Тосту айылында жыл сайын жаз-күз айларында каттуу жааган жаан-чачындын кесепетинен сел кетүүчү каналдын жээктерин сел суулары жеп,жууп кетип, аталган сел каналга катарлаш жайгашкан турак жайларга, чарбалык жолго кооптуулук жаралып келген. 

Кыргыз республикасынын ӨКМнин АААжКЖ жардамы менен 250 метр аралыкта атайын техникалары менен  жогоруда аталган сел каналдын жээктерин казылып, көтөрүлүп 300 даана габион талаптарга ылайык  торчолонуп жээк бекемделди. Жумуш толугу менен аткарылды. Жумушчулардын эмгек акысы БУУнун азык-түлүк программасынын долбоору аркылуу каржыланды. Шаар мэри тарабынан аты аталган мекеме,уюмдарга ыраазычылык билдирди..